06
Март
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү өлкөнүн экономикалык өсүүсүнө шайкеш келет
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасында аялдардын саясий укуктарын илгерилетүү жана дем берүү темасына арналган улуттук форум өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Алтынай Өмүрбекова жана Замирбек Аскаров катышышты.
Замирбек Аскаров өз сөзүндө иш-чаранын катышуучуларын Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, гендердик теңчилик ириде социалдык-экономикалык теңдик экенин белгиледи
«Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана бакубатчылыгына, өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына жана экономикалык өсүүгө шарт түзөт. Учурда республикада өлкөнүн өнүккөн гендердик мыйзамы түзүлгөн. 2019-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңеште аялдар 16%, жергиликтүү кеңештерде – 10% түзөт. Мамлекеттик кызматкерлердин 42% аялдар болуп саналат», - деди вице-премьер-министр.
Ошону менен бирге Замирбек Аскаров баса белгилегендей, Кыргыз Республикасында айыл жерлеринде аялдардын ишкердиги активдешүүдө.
«Белгилей кетсем, аялдар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк жана айыл туризми сыяктуу тармактарда активдүү иштешүүдө. Айылдарда жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздап, чакан жана орто ишкерлик менен алектенген аялдар көбөйүп жатат. Ошондой эле эскерте кетсем, Кыргызстанда 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынган жана ишке ашырылууда. Өкмөт тарабынан бекитилген 2018-2020-жылдарга карата гендердик теңдикке жетишүү боюнча Улуттук планда саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына гендердик өкүлчүлүктү камсыздоо боюнча атайын чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу каралган», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 130108,130109,130110,130111,130112,130113,130114" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]