23

Март

2017

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү бир айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн себептерин аныктап чыгуус

«Ведомстволор аралык комиссия мүчөлөрү бир айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн себептерин аныктап чыгуусу керек». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 23-мартта,  мамлекеттик ишканаларды башкарууну оптимизациялоо маселеси боюнча өткөн жыйында билдирди.

«Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго караштуу 58 акционердик коом жана 164 мамлекеттик ишкана бар. Аталган ишканаларга жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, алардын көпчүлүгү натыйжасыз болууда. Мамлекеттик ишканалардын сезилээрлик бөлүгү чыгашалуу», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

«Комиссиянын курамына кирген экономикалык тармактагы министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир айлык мөөнөттө  мамлекеттик мекемелердин, мамлекеттин катыштыгы бар акционердик коомдордун чыгашалуулугун жана төмөнкү кирешелүүлүгүнүн  себептерин аныктап чыгышат. Ведомстволор аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлөт», - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

малыматтык камсыздоо бөлүмү