20
Февраль
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын коллегиялык жыйынына катышты.
Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, жакынкы мезгилге карай артыкчылыктуу милдеттери талкууланды.
Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, соттук-эксперттик ишмердүүлүгү өлкөнүн укук коргоо жана сот тутумунун ажырагыс бөлүгү катары саналат жана өз алдынча мамлекеттик органды түзүү коомду демократиялаштыруу жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен шартталган.
Буга байланыштуу вице-премьер-министр экспертиза биринчи кезекте көзкарандысыз жана ведомствонун ар кыл кызыкчылыгынан эркин болуусу керектигин белгиледи.
Анын айтымында, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын иш алып баргандыгына аз убакыт өтсө да, анын ишинде экспертизалардын айрым түрлөрүн өткөрүү мөөнөтүнүн создуктурулушуна байланыштуу айрым көйгөйлөр бар. Коомчулук жана бизнес-чөйрөнүн өзгөчө сынына курулуш-техникалык экспертизасы кабылууда.
«Буга байланыштуу экспертизаларды өткөрүүнү тездетүү чараларын көрүү зарылдыгын көрсөткүм келет, себеби алардын мөөнөтүн создуктуруу кылмыш иштерин тергөөдө негизсиз башаламандыктарга жана күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтен четтөөсүнө алып келет. Бул жагдайлар кызыкдар тараптардын негиздүү нааразычылыктарын жаратат», -деди Жеңиш Разаков.
Вице-премьер-министр Кызматтын жетекчилигинин көңүлүн өзгөчө көңүл бурууга муктаж артыкчылыктуу милдеттерге бурду. Биринчи кезекте, бул жүргүзүлгөн соттук экспертизалардын түрлөрүн кеңейтүү, алардын сапатын жогорулатуу жана өткөрүү ыкмасын унификациялоо, методологиялык базаны өркүндөтүү, ошондой эле материалдык-техникалык шарттарды жакшыртуу.
Жеңиш Разаков ошондой эле кошумчалагандай, Кызматтын ишмердигинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жогорку компетенттүү адистерге муктаждык бар.
«Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жетекчилиги соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери боюнча эксперттерди даярдоого, алардын квалификациясын туруктуу жогорулатууга айрыкча көңүл бурууга тийиш», - деп баса көрсөттү ал.
Коллегиялык жыйындын соңунда вице-премьер-министр Кызматтын ишмердигин өркүндөтүү, анын ичинде соттук-эксперттик ишмердикти өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
[su_carousel source="media: 129591,129592,129593,129594,129595" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү