08

Июнь

2017

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргыз тарап үчүн ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу башкы мааниге ээ

Кыргыз тарап үчүн ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу башкы мааниге ээ. Ага мүчө мамлекеттер ортосунда жана аскердик-саясий жана экономикалык мамилелер биздин мамлекеттердин башчыларынын туруктуу көңүл буруусунда турат жана бул ЖККУ ишмердүүлүгүндө маанилүү болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 8 июнда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын XV жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр катышуучуларды жамааттык келишим жөнүндөгү келишимге коюлгандыгынын 25-жылдыгы жана ЖККУ түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктады. Жеңиш Разаков баса белгилегендей, Кыргызстан ЖККУ мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чоң маани берерин жана Уюмдун алкагында өз ара байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле мүчө мамлекеттердин коопсуздугун комплекстүү камсыз кылуучу көп тармактуу аймактык түзүмдү трансформациялоого кызыктар.

«Кыргыз Республикасы комплекстүү коргонуу өнөржайы уюмдары жана ишканалар менен биргеликте кызматташуунун өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирет. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында аскердик маанидеги продукцияларды чыгаруучу биргелешкен ишканаларды түзүү, өнөр жай продукцияларынын көлөмүн көбөйтүү жана экспорттоо менен калкты жумуш менен камсыз кылуу маселелерин чечүүгө жол ачуу болуп саналат», - деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Мындан тышкары вице-премьер-министр ЖККУ мүчө-мамлекететрдин 2010-жылдар аралыгында аскердик кызматташуусун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча Планында камтылган иш чаралардын баары аткарылганын баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен орун алган кылмыштуулуктун өскөнү байкалууда. Бул өз кезегинде улуттук жана жамааттык коопсуздукка ири чыгымдарды алып келүүдө», - деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Аны менен бирге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу аркылуу жамааттык коопсуздук системасын жана кабыл алынган чечимдерин дээрлик баарын ишке ашырууга болоруна ишеним артты.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин, Армения Республикасынын Коргоо министри Давид Пахчанян, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик аскер өнөр жайы комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Пантус, Казакстан Республикасынны Коргоо министринин орун басары Талгат Жанжуменов, Тажикистан Республикасынын өнөпр жай жана жаңы технологиялар министри Шавкат Бобозода жана ЖККУ Баш катчысынын орун басары Валерий Семериков катышты.

[su_carousel source="media: 96655,96656,96657,96658,96659,96660,96661" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 96538,96539,96540,96541,96542,96543,96544,96545" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү