25

Май

2017

Вице-премьер-министр Жениш Разаков: Кыргыз Республикасы кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы эл аралык иш чаралардын активдүү катышуучусу бойдон кала берет

Кыргыз Республикасы кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы эл аралык иш чаралардын активдүү катышуучусу бойдон кала берет жана Евразиялык топтун ишмердүүлүгүнө катышууга чоң маани берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жениш Разаков бүгүн, 25-майда, Евразиялык топтун Кылмыштуу чөйрөнүн кирешелерин жашыруу коркунучун баалоо жана каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Бажы топтун 26-пленардык жыйынында билдирди.

Евразиялык топтун пленардык жыйынында терроризмди каржылоого каршы туруу, техникалык колдоо көрсөтүү, бирдиктүү баа берүүнүн 2-раундун өткөрүү процедуралары жана глобалдык маанидеги башка маселелер талкууланды.

2017-жылы Бажы тобунун программасын баалоонун алкагында терроризм жана кылмыштуу чөйрөнүн кирешелерин жашырууга каршы күрөшүү менен Кыргыз Республикасынын улуттук системасынын өз ара баалоонун экинчи туру өткөрүлөт.

Вице-премьер-министр Жениш Разаков белгилегендей, мамлекеттердин өз ара кызматташуусу болбосо, терроризм сыяктуу эл аралык кылмыштарга, кылмыш жолу менен алынган кирешени адалдоого, ошондой эле акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча өзүлөрүнүн улуттук системаларын жакшыртуу кыйын.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 22-26-майында Бишкек шаарында Евразиялык топтун Кылмыштуу чөйрөнүн кирешелерин жашыруу коркунучун баалоо жана каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Бажы топтун 26-пленардык жыйыны өтүп, анда бир катар маанилүү маселелер талкууланууда.

Кыргызстан Евразиялык топтун кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терриризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча мүчөсү болуп эсептелет.

Евразиялык топтун жогорку органы болуп, эрежеге ылайык жылына эки жолу өткөрүлүп турган пленардык жыйын эсептелет. Пленардык жыйындын ишине ЕАТ мүчө болгон мамлекеттердин делегациялары катыша алат.

Евразиялык топтун Кылмыштуу чөйрөнүн кирешелерин жашыруу коркунучун баалоо жана каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Бажы топтун 26-пленардык жыйынынын соңунда ЖМК үчүн маалымат жыйын өттү.

Брифингде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кылмыштуу чөйрөнүн кирешелерин жашыруу коркунучун баалоо жана каржылоого каршы аракеттенүү боюнча аквтидүү чараларды көрөрүн билдирди. Өлкөнүн Парламентинде «Кылмыштуу чөйрөнүн кирешелерин жашыруу коркунучун баалоо жана каржылоого каршы аракеттенүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы каралууда.

[su_carousel source="media: 95609,95610,95611,95612,95613,95614,95615,95616,95617,95619,95620,95621,95622" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү