28

Март

2017

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргызстан эл аралык кылмыштуу киришеден түшкөн каражаттарды жууп кетирүү системасына каршы турууда активдүү катышуучу катары дүйнөлүк каржы системасынын с

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында кылмыштуу киришеден түшкөн каражаттарды жууп кетирүүгө жана террористтик же экстремисттик ишмердүүлүктү колдоого каршы комиссиясынын 5-жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргызстанга келген кылмыштуу кирешеден түшкөн каражатты жууп кетирүүгө жана терроризмди каржылоого каршы Евразиялык эксперт-баа берүүчүлөр катышты.

Вице-премьер-министр Кыргызстан эл аралык кылмыштуу киришеден түшкөн каражаттарды жууп кетирүү системасына каршы турган активдүү катышуучусу катары дүйнөлүк каржы системасынын стабилдүулүгүн жактаган өлкөлөрдөн болуп кала берерин билдирди.

«Кыргызстан бир нече ирет кылмыштуу киришеден түшкөн каражаттарды жууп кетирүүгө жана террористтик же экстремисттин ишмердүүлүктү колдоого каршы күрөшүүдө саясий эрки бар экенин көрсөткөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кылмыштуу кирешелерди жууп кетирүүдө жана террористтик ишмердүүлүктү колдоого каршы күрөшүү тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүп, керектүү чараларды көрүүдө», - деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Кыргызстан биринчи жолу 2007-жылы кылмыштуу кирешелерди жууп кетирүүдө жана террористтик ишмердүүлүктү колдоого каршы күрөшүү боюнча ата мекендик мыйзам базасын чыңдоодо биринчи оң баасын алганын эскертти.

«Экинчи ирет бирдиктүү баа берүү Кыргызстан үчүн – өсүүдөгү сыноо болуп эсептелет. Улуттук системадан өткөн он жыл аралыгында Кыргызстан жакшы мектептен өттү. Бул аралыкта кылмыштуу кирешелерди жууп кетирүүдө жана террористтик ишмердүүлүктү колдоого каршы күрөшүү боюнча ата мекендик мыйзам базасын чындоодо, аны нормаларын эл аралык нормаларга дал келтирүүдө  бир топ иштер аткарылды», - деди ал.

Жеңиш Разаков Комиссиянын аткаруучу органы катары КР Өкмөтүнүн алдындагы Финансылык чалгында мамлекеттик кызматы эсептелерин кошумчалады.

ЕТЭ Секретариятынын улуу администратору – ЕТЭ аткаруучу Секретариятынын орун басары  Андрей Селезнев белгилегендей, Коммисиянын мүчөлүгүндө Кыргызстандын эң жакшы жетишкендиги катары «күрөң тизмеден» чыгышы эсептелет. «Бул иш бардык министрликтер менен ведомстволордун бирге иштешинен улам иш жүзүнө ашканын айта кетүү зарыл. Ушундан улам, өзгөчө бирдиктүу чечимдерди кабыл алууда Коммисиянын ишинин маанилүүлүгун да кошумчалай кетүү керек», - деди ал.

ЕТЭ эксперттери алардын Кыргызстанга келгенинин  себеби  кылмыштуу киришеден түшкөн каражаттарды жууп кетирүү системасына каршы иштерге эксперт катары жардам берүү экенин билдирди.

Жолугушууда Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында, кылмыштуу киришеден түшкөн каражаттарды жууп кетирүү системасына каршы күрөшүу боюнча бир катар активдүү маселелер талкууланды.

[su_carousel source="media: 91982,91980,91979,91978" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү