05
Февраль
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгиледи
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коллегиялык жыйынына катышты.
Анын жүрүшүндө 2018-жылкы ыкчам-кызматтык иштин жыйынтыгы чыгарылып, ведомство алдында турган биринчи кезектеги милдеттер талкууланды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын структуралык түзүм жетекчилери тийиштүү багыттар боюнча маалымат беришти.
2018-жылы финансылык полиция органдары тарабынан ачыкталган укук бузуу фактылары боюнча өлкө бюджетине жалпысынан 4 млрд 351,6 млн сом кайтарылган. Бүгүнкү күндө Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 435 млн сомдон ашуун каражат которулган.
Отчеттук мезгилдеги Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишинин жыйынтыгы менен таанышкан соң, вице-премьер-министр жалпысынан аткарылган иштер жетиштүү эмес деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.
«Коррупциялык жана экономикалык кылмыштардын иш жүзүндөгү абалы жана масштабы баарыбызга белгилүү. Эмне себептен финансылык полиция органдары тарабынан анын деңгээлин кыскартуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй жаткандыгы түшүнүксүз бойдон калууда», - деди ал.
Жеңиш Разаков өлкө жетекчилигинин коррупцига жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү күчтөндүрүү боюнча талаптарынын шартында финансылык полиция органдарынын ишине жалпысынан оңдуу баа берүүгө мүмкүн болбой жаткандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле ал кадрларды тандоо боюнча ишти күчтөндүрүү жана Кызматтын жеке курамы арасында окутуу иш-чараларын өткөрүү зарылдыгына токтолду.
«Сиздер экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды ачыктоого өзгөчө көңүл бурууңуздар керек. Жетекчилик кызматка талапкерлерге карата андан да катаал талап коюлушу кажет. Жетекчилер өз кол алдындагылардын аракеттери жана жетектеген түзүмдүн иш жыйынтыгы үчүн реалдуу жооп берүүсү керек», - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Жеңиш Разаков финансылык полициянын аймактык органдарынын ишиндеги кемчиликтерге, өзөгөчө, товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана КММ аткезчилик кылуунун алдын алуу жана ага бөгөт коюу жаатындагы кемчиликтерге токтолду. Мындан тышкары, финансылык полициянын өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ички көзөмөлгө алууну камсыздоо боюнча жетишсиз иш жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.
Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, жаңы мыйзамдардын жана кодекстердин күчүнө кирүүсүнө байланыштуу финансылык полиция органдары мыйзамдардын ийгиликтүү иштөөсү жана андан ары карай өркүндөтүлүшү үчүн бардык шарттарды түзүүсү тийиш.
Жыйындын соңунда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине ведомствонун ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.
[su_carousel source="media: 128953,128954,128955,128956,128957" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү