17

Февраль

2017

Вице-премьер-министр Жениш Разаков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен чек ара кызматташтыгы маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 2017-жылдын 15-февралында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен өлкөлөр ортосундагы чек ара кызматташтыгы маселесин талкуулоо үчүн жолугушту.

Өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында орун алды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады.

Кыргыз делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайы өкүлү Курбанбай Искандаров, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Сыдыков, ошондой эле өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү кирген.

Өкмөт башчынын орун басары Жеңиш Разаков мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкелери боюнча көз-караштарды макулдашуу боюнча ишти тез арада жыйынтыктоо зарылдыгы тууралуу билдирди.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрү Фергана шаарында 16-февралда И. Каримов атындагы тееатрында өткөн Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы элчилик мамилелердин орнотулгандыгына 24 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

[su_carousel source="media: 90153,90152,90151,90150,90149" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү