10
Август
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына карата даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чаралары менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 9-августта, жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Жумушчу сапардын алкагында Вице-премьер-министр Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына карата даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу чараларынын жүргүзүлүшү менен таанышты. Алсак, Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” этно-комплексинин, ден соолукту чыңдоочу борбордун жана ат майданындагы коопсуздукту көзөмөлгө алуу иштерин көрүп чыкты. Жеңиш Разаков мындан тышкары “Кырчын” жайлоосундагы этно-шаарчага жана “Тамчы”эл аралык аба майданына барды.
Вице-премьер-министр “Кырчын” жайлоосундагы спорттук ат оюндары өтчү жайдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында автоунаа токтотуучу жайларды ирээтке келтирүү, алардын коопсуздугун уюштуруу жана дарыя аркылуу өтүүчү кошумча көпүрөлөрдү коюу тапшырмасын берди.
Иш чара өтүүчү обьектилерди кыдырып бүткөн соң, Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча оперативдүү штабдын мүчөлөрүнүн, областтык жана жергиликтүү администрация башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү.
Анын жыйынтыгында Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тийиштүү мамлекеттик органдарга коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды татыктуу деңгээлде жүргүзүү тапшырмасын берди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү