17
Август
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ош облусундагы чек ара тилкелери менен чек ара заставаларынын абалы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жениш Разаков жумушчу сапары менен Ош облусуна барды. Иш сапар алкагында вице-премьер-министр Араван, Ноокат, Алай жана Чон-Алай райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты.
Вице-премьер министр Алай жана Чоң-Алай райондорунда жайгашкан “Эркештам”, “Карамык” чек ара заставасынын жана көзөмөл-өткөрмө пунктуларынын ишин көрүп чыгып, жүргүнчүлөр менен айдоочулардын көйгөйлөрүн укту.
Андан ары Кыргызстандын алыскы “Алтын-мазар” чек ара бекетинде болуп, андагы кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулардын абалынан кабар алды.
Вице-премьер министр Жеңиш Разаков Араван районуна болгон жумушчу сапарында аймактагы чек ара бекети жана андагы чекарачылардын жашоо-шарттарын көрүп , чек арага жакын жайгашкан аймактар “Керкидон”, “Каримберди” жана “Кызыл-Туу” айылдарында болуп, өткөрмө пунктуларынын иши менен таанышты.
Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына чек арага жакын жайгашкан айылдардын социалдык-экономикалык абалына көңүл буруп, инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү