04
Апрель
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мамлекеттик органдарга эл аралык келишимдерди инвентаризациялоо иштерин тездетүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 4-апрелде, эл аралык келишимдерди инвентаризациялоо иштери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Жеңиш Разаков ведомстволор аралык комиссиянын алдында, министрликтер менен ведомстволор тарабынан кол коюлган эл аралык келишимдерди инвентаризациялоо иштери турганын баса белгиледи. Биз ар бир мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жараша баа беришибиз керек– деди вице-премьер-министр.
Жыйында ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун буга чейинки жыйынындагы тапшырмаларды ишке ашыруусунун жыйыныктары каралды.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бирдиктүү жыйынтыктоочу документ түзүү үчүн, мамлекеттик органдарга эл аралык келишимдерди инвентаризациялоо иштерин тездетүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 92258,92259,92260" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү