14

Апрель

2017

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында мыйзам долбоорлорун аяктоону тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 13-апрелде, өлкөдө укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында мыйзам долбоорлорун аяктоону тездетүү маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Вице-премьер-министр укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында, ведомстволор аралалык жумушчу топ тарабынан нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча чоң жумуш жасалгандыгын  баса белгилеп,  жакын арада бардык тиешелүү иш чараларды бүткөрүү зарыл экендигин кошумчалады.

Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында укук коргоо органдарын реформалоонун чаралары» тууралуу 2016-жылдын 18-июлундагы №161 жарлыгын аткаруунун негизинде, эксперттик топ тарабынан «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө» тууралуу долбоор иштелип чыкканын билдирди.

«Аталган мыйзам долбоорунда «Аскер кызматчылары жана аларга барабар адамдарды пенсиялык камсыз кылуу жана коомдук кепилдиктер»  жана «Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан физикалык күч, курал жана атайын каражаттарды пайдалануу тартиби» жөнүндөгү мыйзам долбоорлору бириктирилди.

«Алар республиканын укук коргоо органдарынын натыйжалуу системасын курууга багытталган жана алардын кызмат тартибин системалаштырууну көздөйт», - деди Жеңиш Разаков.

Ошондой эле жыйында Кыргыз Республикасынын  «Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө» тууралуу мыйзам долбоору да каралды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы бажы кызматынын өкүлдөрү жогорудагы мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат беришти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине талкууланган мыйзам долбоорун кайрадан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына алып кирүү үчүн, айтылган, сунуш-пикирлер, кошумча маалыматтарды эске алуу менен толуктоону карап чыгууну тапшырды.

 [su_carousel source="media: 92824" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү