24

Май

2017

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар болгон жерге барды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков  жумуш сапарынын журүшүндө Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар болгон жерге барды.

Жеңиш Разаков Майлы-Суу шаарындагы жер көчкүнүн кесепеттери менен таанышып, Авлетин айылындагы дарыянын абалын көрүп, Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы сел жүргөн жерлерди кыдырып чыкты.

Абал менен жеринен таанышкан Вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүүнү жана жабыркаган аймактардагы жергиликтүү тургундарга бардык керектүү жардамдарды тез арада көрсөтүүнү тапшырды.

Мындан сырткары вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ала-Бука районун 80 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышты.

Жеңиш Разаков Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн окуп, бир катар райондун тургундарына Өкмөттүк сыйлыктарды  тапшырды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Ала-Бука району өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктан. Анда  Сафет-Булан айылында «Шахфазил» тарыхый комплекси сыяктуу эл арасында «Кичи Мекке» аталган  байыркы маданий эстеликтер бар. Ал ЮНЕСКО дүйнөлүк баалуулуктарынын тизмесине кирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү