12
Ноябрь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Европалык биримдик менен кызматташууга чоң маани берет
Кыргызстан Өкмөтү Кыргыз Республикасында Европа биримдиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго чоң маани берет», - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, бүгүн, 11-ноябрда, Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусунда.
Тараптар кеңири чөйрөдөгү катышуучулар менен өткөн « Борбор Азиядагы күч көрсөтүүчү экстремизмдин алдын алуу – жергиликтүү коомчулук деңгээлинде чакырыктар жана жооптор» аймактык конференциянын ийгиликтүү өткөрүлүшүн белгиледи.
Жеңиш Разаков билдиргендей, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө күчтү колдонуу менен катар превентивдүү чараларды пайдалануу жана маданият аралык баарлашууну өнүктүрүү маанилүү.
«Жарандардын жана чекаранын коопсуздугун, туруктуулукту камсыз кылуу максатында бардык күч-аракетти арттыруу зарыл», - деди Жеңиш Разаков.
Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан терроризм жана экстремизм көйгөйү дүйнөлүк мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, аталган маселени чечүүдө иш-аракетти бириктирүү керектигине токтолду.
«Европа биримдиги бул багытта кызматташууга жана маселелерди чечүүгө даяр», - деп белгиледи П.Буриан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү