31
Январь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 2016-жылга укук коргоону чыңдоо жана өнүктүрүү иши боюнча жана чек ара аймагындагы кызматташтыктыкты өнүктүрүүдөгү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалымат б
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын караган жыйынында, 2016-жылга укук коргоону чыңдоо жана өнүктүрүү иши боюнча жана чек ара аймагындагы кызматташтыктыкты өнүктүрүүдөгү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди.
Вице-премьер-министр маалымдагандай, өткөн жылы укук коргоо органдар тутумун реформалоо алкагында бир катар маанилүү иш чаралар аткарылган.
«Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы толугу менен жоюлуп, экономикалык кылмыштар менен бирдиктүү күрөшүү үчүн КР ИИМнин 5-башкармалыгы, Бажы кызматынын жана Башкы прокуратуранын тергөө жүргүзүү функциялары Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп, 76 штат бирдигине көбөйтүлдү», - деди Жеңиш Разаков.
Ал укук коргоо системасын реформалоонун алкагында мыйзамдык базаны өркүндөтүү максатында, ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.
Вице-премьер-министрдин айтымында, 2016-жылы «Ишеним жана биримдик» программасын ишке ашыруу боюнча укук коргоо органадырынын жана куралдуу күчтөрдүн линиясы боюнча 121 иш чара каралган, алардын ичинен 71 аткарылып, 50 аткаруу стадиясында.
Жеңиш Разаков өлкөдө коомдук-саясий абал турукташып калганын, кылмыштуулуктун саны 27481 түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 1619 фактыга кыскарганын билдирди. Ошондой эле ал укук коргоо органдары тарабынан 2016-жылы жалпы 3 млрд. 270 млн сомдук кылмыштуулуктун кесепетинен келтирилген материалдык зыян аныкталып, 2015-жылга салыштырмалуу 878 млн сомго көп болуп, 44% өндүрүлгөнүн кошумчалады. Вице-премьер-министр уюшкан кылмыштуулук боюнча күрөшүүнү күчөтүү зарылдыгын айтты. Ал укук коргоо органдарынын криминал менен бириккен учурлар бар экенин жана андайга жол бербей, катуу чараларды көрүү керектигин эскертти.
Ошондой эле Жеңиш Разаков терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө да токтолду.
2016-жылы УКМКнын бөлүмдөрү 24 террористтик жана 27 диний экстермисттик топтордун ишин аныктады. Алардын ичинен 15 террористтик жана 27 диний экстремисттик топтун иши токтотулду.
Жеңиш Разаков өткөн жылы өлкөдө коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин өнүктүрүү боюнча кызматташуу иштери активдүү болгонун айтты.
Мамлекеттик чек араларды делимитация жана деморкациялоо боюнча кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялардын иши жаңырып, кайра активдешти. Аталган иштин натыйжасы боюнча, жалпы узундугу 236 чакырым болгон кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 49 тилкеси такталды. Кыргыз-тажик биргелешкен мамлектетик чек арасынын жалпы узундугунан (970,8 чакырым) Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарында каралганы жана бекитилгени 520 чакырымга жакын саналат.
Вице-премьер-министр үстүбүздөгү жылы аталган багыттагы иштер улантылаарын билдирди.
[su_carousel source="media: 89080,89069"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү