25

Январь

2017

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 25-январда, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын жыйынына катышты.

Жыйында 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планын бекитүү боюнча  маселе каралды.

Иш чара  «Боинг-747» авиа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен башталды.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов  аймактын экономика тармагын өнүктүрүүдө аткарылган иштер боюнча маалымат берди. 2016-жылда облуста өнөр-жай  жай продукцияларын өндүрүүнүн суммасы 20859,2 млн сомду, өсүү темпи 102 % түзгөн.  Жалпысынан 20299,1 млн сом капиталдык инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырганда 137,8%  көп.

«Айыл чарбасын каржылоо-4», программасынын алкагында  региондогу дыйкан-фермерлерге  857 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди.

Ошондой эле  калкты таза суу менен камсыз кылууну ишке ашыруу программасынын алкагында Жалал-Абад шаарында, Базар-Коргон районунда суу түтүктөрүн жаңылоого жана канализация тутумун реконструкциялоого Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 14 млн АКШ доллар акча каражаты бөлүнгөн.

Вице-премьер-министр Жениш Разаков белгилегендей,  жергиликтүү бийликтин иши натыйжалуу жана ачык-айкын болушу керек.

 «Сиздердин эң башкы милдетиңер – облустун калкынын негизги көйгөйлөрүн чечүү», – деди Жеңиш Разаков.

Ал коллегиянын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөрүнө ишеним билдирди.

Мындан тышкары коллегиянын жыйынында санариптик телеберүүгө өтүүгө даярдыктар боюнча маселе талкууланды.

Ошондой эле вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин  бир катар кызматкерлерине Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү