27
Январь
2017
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйына катышты
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйына катышты. Анда аймактын 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары каралып, 2017-жылга пландары бекитилди. Ошондой эле коллегияда
«Тарых жана маданият жылынын» жыйынтыгы чыгарылып, 2017-жылга белгилеген маданий-агартуу иш чараларыны планы бекитилди.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, 2016-жылы Ысык-Көл облусунда өнөр жай жана айыл чарба тармагында жакшы көрсөткүчтөр байкалды. Бирок буга катар вице-премьер-министр салык чогултуу боюнча иштин жетишсиздигин белгиледи.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилери бүгүнкү жыйында айтылган сын пикрлерди эске алып, келечекте мындай фактыларга жол бербөө боюнча комплекстүү иш чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл», - деди Жеңиш Разаков.
Ошондой эле ал, өткөн жыл маданий иш чараларга бай болгондугун белгилеп, облус жетекчилигине Дүйнөлүк экинчи Көчмөндөр оюнун уюштурууга жана өткөрүүдөгү активдүү иши үчүн ырраазычылык билдирди.
«Тарых жана маданият жылынын» алкагында өлкөдө ар кыл тарыхый-маданий иш чаралар өткөрүлдү, бирок Ысык-Көл облусунда өткөн жылдын эң маанилүү окуясы болуп өттү.
Премьер-министрдин жана жеке өзүмдүн атымдан ири иш чараны уюштурууга катышкандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Ал аркылуу жалпы дүйнө эли биздин кайталангыс бай маданиятыбыз жана меймандостугубуз тууралуу биле алды», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.
Коллегия жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин жана Ысык-Көл облусунун ишкана жетекчилерине бир катар Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.
[su_carousel source="media: 88988,88989,88990,88991"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү