15
Июнь
2018
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЕЭК Кеңешинин жана КМШ Экономикалык кеңешинин жыйындарына катышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 14-июнда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Иш-чара Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары - финансы министри Антон Силуановдун төрагалыгы алдында Армения Республикасынын вице-премьер-министр Мгер Григоряндын, Беларусь Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевскийдин, Казакстан Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Маминдин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.
Күн тартибинде 34 маселе каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, өнүгүүдөгү жана аз өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын аныктоо Эрежелерин бекитүү, ЕАЭБде лабораториялык практика системасын түзүү жана башкалар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Андан соң вице-премьер-министр Жеңиш Разаков КМШ Экономикалык кеңешинин 78-жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана эконом класстагы турак жай рыногундагы атаандаштыктын абалына байланыштуу маселелер каралды.
Мындан тышкары КМШ алкагында экономикалык кызматташуунун жана мындан аркы интеграциянын актуалдуу маселелери тууралуу маалыматтар угулду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар 7 чечимге кол коюшуп, ошондой эле КМШ Экономикалык кеңешинин 7 протоколдук чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 118708,118707,118706" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү