30

Сентябрь

2016

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Бардык мамлекеттерде жол коопсуздугу маселеси артыкчылыктуу мааниге ээ

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан «Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн» VI Эл аралык конгрессинин ишине катышты.

«Мындай эл аралык деңгээлдеги баарлашуулар жол коопсуздугун камсыздоо жаатындагы дүйнө коомчулугу үчүн жалпы көйгөйлөрдү гана аныктабастан, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Жеңиш Разаков. Анын айтымында, Кыргызстанда унаалардын саны жогорулоодо, бул жол кырсыгынын көбөйүшүнө шарт түзүүдө.

«Жол кырсыгына каршы натыйжалуу күрөш жол кыймылынын бардык катышуучуларына: айдоочу курам, транспорттук каражаттар жана жол инфраструктурасына бир мезгилде таасир бергенде гана ишке ашырууга мүмкүн», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр маалымдагандай, жол кырсыгын кыскартуу, жолдордогу абалды жакшыртуу жана жол коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча ишти координациялоо боюнча  сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу комиссия үзгүлтүксүз иш алып барат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ошондой эле айдоочуларды даярдоо тутумуна өзгөчө көңүл бурду. Ал белгилегендей, бул иш эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен дайыма өркүндөтүлүп туруусу тийиш.

Ал аталган Конгресс алкагында айдоочуларды даярдоо боюнча талаптардын эл аралык тутумун түзүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

«Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн» VI Эл аралык конгрессинин ишине Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да катышууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү