30

Август

2016

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өлкөдөгү майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрөт

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 30-августта, өлкөдөгү майрамдык жана спорттук иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрөт.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик коргоо комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери катышат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков күч блогунун өкүлдөрү менен ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кытай Элдик Республикасынын элчилигинин аймагында бүгүн орун алган террористтик актыга байланыштуу коомдук коопсуздук маселесин талкуулайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү