02

Декабрь

2016

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков стратегиялык объектилердин антитеррористтик корголуусу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 2-декабрда, Ош областында стратегиялык жана жашоо-тиричиликти камсыздоочу маанилүү объектилердин антитеррористтик корголуусу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, эл аралык терроризм жана диний экстремизм жалпы Борбор-азия аймагындагы өлкөлөр үчүн кооптуу эсептелет жана тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү чаралардын кабыл алынышын талап кылат. Мисал иретинде ал үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкектеги КЭР элчилигинде орун алган теракттыны келтирди.

Буга байланыштуу Жеңиш Разаков диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тийиштүүлүгү бар жактардын мыйзамсыз кирип келүүсүнүн алдын алуу максатында мамлекеттик чек араларды коргоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Вице-премьер-министр ошондой эле стратегиялык объектилерде жана адамдар көп чогулган жердеги коопсуздукту камсыздоону тийиштүү түрдө жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Жеңиш Разаков маалымдагандай, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды тийиштүү аткарбагандыгы үчүн жооптуу кызматтык жактар тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

Кеңешмеге Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарындагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйын соңунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ош шаарындагы ЖЭБди жана суу сактоочу жайды барып көрүп, алардын коопсуздугун камсыздоо абалы менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү