21
Февраль
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргызстанда адам укугун коргоо системалык негизде жүргүзүлүүдө
«Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда адам укугун коргоо боюнча абал жакшырууда. Бул багытта иштер системалык негизде жүргүзүлүүдө жана биздин өлкөнүнүн көрсөткүчү аймактагы мыкты жыйынтыктардын бири болуп саналат», - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 21-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынында.
Жыйында жарандардын Кыргыз Республикасына каршы жеке арыздарынын негиздүүлүгүн талашуунун сапаттуу механизми тууралуу маселелер каралды.
Ошондой эле жумушчу топтун үчүнчү мезгилдүү улуттук баяндаманы кабыл алган чаралар жөнүндө жүзөгө ашыруу боюнча өзүнүн милдеттерин Конвенцияга ылайык кыйноолорго каршы БУУ жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-барк түрлөрүнүн жана жазалоолорду ишке киргизүү боюнча Стамбул протоколунун ортолук жыйынтыктары угулду.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, ар бир мамлектетин милдети адам эркиндигин жана укугун коргоону тийиштүү камсыздоо болуп саналат.
Жениш Разаков ошондой эле, өлкө жарандарынын укугун жана эркиндигин камсыздоо механизмин үзгүлтүксүз өркүндөтүүнүн жана адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттемелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйын соңунда Юстиция министрлигине жарандардын Кыргыз Республикасына каршы жеке арыздарынын негиздүүлүгүн талашуунун сапаттуу механизмин иштеп чыгуу тууралуу тапшырма берилди.
Ошондой эле жумушчу топко Кыргызстанда Стамбул протоколун өздөштүрүү боюнча сунуштарды даярдоону тездетүү тапшырылды.
[su_carousel source="media: 90397,90398,90399,90400" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү