26

Июль

2016

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 21-23-июль күндөрү жумушчу сапары менен Жалал-Абал облусуна барды. Иш сапар алкагында вице-премьер-министр Сузак, Ноокен, Аксы жана Ала-Бука райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелери жана чек ара заставаларынын  абалы менен таанышты.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков аталган райондордогу негизги каналдардын жээктерин бекемдөө жана сел алып кеткен дамбаларды оңдоп-түзөө иштерин жеринде көрүп чыкты.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ж.Разаков Ала-Бука районунун Совет-Сай айылына барып, 2016-жылдын 5-июлунда табигый кырсыктын кесепетинен каза болгон  Нурдин уулу Медербектин үй-бүлөсү менен жолугушту. Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан көңүл айтып, Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөттү.

Андан ары Жеңиш Разаков Өрүктү айылында жайгашкан суу сактагычты көрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Вице-премьер министр Жеңиш Разаков Ала-Бука районундагы чек ара бекети жана чек арачылардын жашоо-шарттары менен таанышты.

Райондогу алыскы  Көк-Серек, Көк-Таш  айыл аймактарындагы чек ара тилкелеринин абалынан кабар алды.  Көк-Таш айыл аймагындагы чек арага чектеш “Гава-сай” айылын кыдырып, чек арачылар менен тургундардын көйгөйлөрүн укту.

Вице-премьер министр ошондой эле “Бозумчак” кенинин иши менен таанышты.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, чек арага жакын жайгашкан айылдардагы чыр-чатактардын алдын алуу, аталган айылдардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу пландаштырылган иш чаралар боюнча тийиштүү маалыматтарды чогултуу жана тактоо тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү