31

Август

2016

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жалал-Абад облусунда Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн 31-августта, Жалал-Абад шаарында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка катышты.

Жеңиш Разаков жергиликтүү элди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөнүн эң негизги майрамы – Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады.

“Бүгүн кыргыз мамлекетибиз адам укугу корголгон, сөз эркиндиги сакталган мыйзамдуулукту туу туткан өлкөлөрдүн катарына кошула алды. Бул жетишкендиктер эмгекчил, эркиндикти сүйгөн элибиздин аракетинен болду” – деп белгиледи Ж.Разаков.

Андан ары Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы салтанаттуу майрамдык иш чарага катышып, жергиликтүү тургундарды куттуктады.

Жалал-Абаддагы салтанат аскердик парад менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү