17
Сентябрь
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында КМШ Мамлекет башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн делегация курамында Бишкекке келген Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Тажикстан ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, тактап айтканда, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкуланды.
Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери белгилегендей, өлкөлөр ортосунда мамлекеттик чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин келечектеги эки тараптуу мамилелерди чыңдоо максатында чечүү ниети бар жана бул багытта жалпы түшүнүшүү орун алган.
Кыргыз-тажик кызматташтыгын активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков эки тараптуу маселелердин жыйындысын кароо боюнча кезектеги кыргыз-тажик өкмөт аралык жыйынын (Бишкек ш.), ошондой эле Кыргыз Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын жыйынын (Дүйшөмбү ш.) өткөрүүнү сунуштады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү