16
Январь
Кыргызстан менен Өзбекстандын вице-премьер-министрлери Ош шаарында чек ара маселесин талкуулоодо
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 16-январда, Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен жолугушуу өткөрүүдө.
Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланууда.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү жана коңшулук мамилени бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле мамлекеттик чек арадагы тактоого муктаж болгон аймактардагы делимитация жана демаркация маселелерин бирдиктүү иш аракеттердин натыйжасында тезирээк чечилишинин маанилүүлүгүнө да токтолду.
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстанга жасаган жумуш сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосундагы жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча өтүүдө.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр эртең, 17-январда улантылат.
[su_carousel source="media: 88333,88334"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү