20
Апрель
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдагы эс алуу жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 53 “2016-жылдагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомго кол койду.
Өзгөртүүлөргө ылайык, жумасына беш жумушчу күн жана эки эс алуу күнү белгиленген график боюнча иштеген уюм, мекеме жана ишкана кызматкерлери үчүн 3-4-майдагы жумушчу күнү 30-апрелге жана 7-майга которулат. Натыйжада, 2016-жылдын 2-5-майына чейинки күндөр эс алуу күндөрү катары жарыяланды.
Белгилесек, мындан мурда КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы №53 “2016-жылдагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө” токтому кабыл алынган, ага ылайык, жумасына беш жумушчу күн жана эки эс алуу күнү белгиленген график боюнча иштеген уюм, мекеме жана ишкана кызматкерлери үчүн 5-март жана 2-майдагы эс алуу күндөрү 2016-жылдын 7-мартындагы жана 6-майындагы иш күндөрүнө которулган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү