27
Февраль
«Өкмɵттүн кароосуна бир жумалык мɵɵнɵттɵ 2016-жылга карата Антикризистик чаралардын толукталган планы киргизилсин»
Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн жыйынында берди.
Аталган маселе боюнча негизги баяндама жасоочу катары Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев чыгып, 2016-жылга антикризистик чаралар, эң ириде, дүйнɵлүк экономикада байкалып жаткан кризистик кɵрүнүштɵрдү жумшартууга багытталган.
«Кеп продукциясы экспортко чыгарылуучу ишканаларды колдоого алуу, кичи жана орто бизнести узак мɵɵнɵттүү жеткиликтүү кредиттер менен камсыздоо, лизингдик программаларды ɵнүктүрүү тууралуу жүрүүдɵ. Кɵмүскɵ экономика деңгээлин кыскартуу, фискалдык саясатты либералдаштыруу жана кыргыз экономикасын мындан ары карай дедолларизациялоо», — деп маалымдады ал.
Талкуу жүрүшүндɵ Премьер-министр Темир Сариев кɵңүлдү ишкерлер менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгына бурду.
«Ишкерлер текшерүүлɵрдүн мɵɵнɵтүн, административдик тоскоолдуктарды жана салыктын санын кыскартуу, келечектүү тармактар боюнча ЕАЭБ бирдиктүү бажы тарифинен алуулардын тизмесин кеңейтүү, атамекендик компаниялардын жаңы рынокторду издɵɵсүнɵ жана чыгуусуна кɵмɵк кɵрсɵтүүнү суранышууда. Ишкер чɵйрɵсүнɵн келип түшкɵн бардык сунуштар каралып, алар пайдалуу болсо, ишке ашырылуусу тийиш», — деп белгиледи Өкмɵт башчы.
Кыргыз Республикасынын Өкмɵт мүчɵлɵрүнүн баяндамалары боюнча бардык сын-пикирлерди жалпылап, бир жумалык мɵɵнɵттɵ Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн кароосуна 2016-жылга карата Антикризистик чаралардын толукталган планын алып чыгуу чечими кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү