23
Октябрь
Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасын аткаруу максатында атайы операциянын кесепетин жоюу боюнча ыкчам-техникалык топ түзүлдү
Бүгүн, 23-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев №50-түзөтүү мекемесинен качкан кылмышкерлерди кармоо боюнча атайы операциянын кесепетин жоюу маселеси боюнча ыкчам жыйын өткөрдү.
Темир Сариев Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовго кечээ атайы операция жүргүзүлгөн жерге барып, тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, «Достук» кичи районундагы тургундарды газ, жарык жана суу менен камсыздоо ишин уюштурууну тапшырды.
“Кыска мөөнөт ичинде кылмышкерлерди кармоо боюнча атайы операциялардын натыйжасында «Достук» кичи районундагы үч кабаттуу үйгө келтирилген залалдын суммасын аныктоо жана оңдоо иштерин өткөрүү зарыл»,- деп билдирди Премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн алдын-ала маалыматтары боюнча, турак-жайсыз калган жарандар жок. Бул үйдөгү көптөгөн квартиралардын кожоюндары турак-жайын ижарага бергендиги аныкталган.
Жыйындын жүрүшүндө белгилүү болгондой, тынч жарандардын арасынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө колдон келген жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, Нарын облусундагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго каза болгондорду жерге жашыруу зыйнатын уюштуруу иши тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү