22
Март
Премьер-министр Темир Сариев: “Чек ара маселесин митинг аркылуу эмес, дипломатиялык жол менен чечүү керек”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев чек ара маселесин тынчтык жолу менен өлкө кызыкчылыгына жооп бергендей чечүү боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.
“Учурда өлкөбүздө ачык-айкындык орнотулган. Бардык маселелерди кеңешип, анан чечим кабыл алабыз. Буга чейин 17-мартта өлкөбүздүн Президенти Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү үчүн Аксыга жана Жалал-Абадга келип кеткен. Бүгүн болсо мен чек ара маселеси боюнча келип отурам. Бул маселени тынчтык жол менен чечүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Бул маселеге этияттык менен мамиле кылбаса, чек арадан улам согуш да чыгып кеткен учурлар болгон. Бирок айрым “жалган патриоттор” бул маселени жеке кызыкчылыгына колдонуп, элди козутканга аракет кылууда. Чек ара маселелери мындай жол менен чечилбейт. Мен кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук менен мамиле кылган калкыбызга ыраазымын”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр иш сапардын алкагында маселени нааразылык акцияларын уюштурууну каалагандар менен да жолугарын белгиледи.
“Чек арадагы акыркы түзүлгөн кырдаал Президент жана Өкмөттүн бул жаатта чечкиндүү кадамдарга барышынан улам пайда болду. Биз мындай маселелерде ар бир мамлекет менен тең ата мамиле кылышыбыз керек. Бул маселени чечебиз. Түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан макулдашылган 16 пункттан турган атайын план иштелип чыкты”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Темир Сариев кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу жагдай түзүлгөндөн тарта дипломатиялык жаатта керектүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
«Биз ЖККУ кайрылып, алар менен кеңешүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Тактала элек тилкелер эл аралык стандарттарга ылайык бекитилүүсү тийиш жана эч кандай жак бул талапты бузууга барбашы керек. Бүгүнкү күндө бизден негизги нерсе – такталган маалыматты сунуштоо талап кылынат. Бирок мамлекеттик маселелерди чечүүдө ачык жарыялоого мүмкүн болбой турган жагдайлар болуусун түшүнүүбүз керек. Бизде чекара маселесин тынч жол менен чечүүгө тийиштүү бардык документтер бар», - деп эсептейт Темир Сариев.
Өкмөт башчысы Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун толук кандуу мүчөсү экенин белгилеп, коңшу өлкөлөр менен паритеттик негизде диалогго даяр экенин билдирди.
«Чек ара маселелерин чечүүдө биз мыйзамдуу жолдор менен аракет кылышыбыз керек. Бул маселени жамынып, митинг, пикет өткөрүүгө эч кандай негиз жок. Өлкөбүздүн экономикасы туруктуу түрдө өнүгө баштаган учурда мындай нерселер кереги жок. Учурда каналдар курулуп, социалдык обекттер, турак-жайлар курулууда. Аскер техникаларын жаңылоо боюнча аракет көрүлүп, аскер кызматкерлеринин айлык-акысы көбөйтүлүүдө. Чек ара маселелерин биз сөзсүз түрдө чечебиз. Бирок буга убакыт жана дипломатиялык мамиле керек. Күч менен мындай маселелер эч качан чечилбейт. Учурда тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселесин чечүү үстүндө иштеп жатышат”, - деди Темир Сариев.
Мындан тышкары, Аксы районун тургундары менен жолугушууда Премьер-министр Темир Сариев иригациялык маселени чечүү максатында 40-50 миллион сом жана район аймагындагы 2 чакырым жолду оңдоого 2 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү