11
Май
Кыргызстанда жатак-үй тибиндеги бардык социалдык мекемелер 2017-жылдын 15-майына чейин санариптик телерадиоберүүгө кошулуу боюнча атайын жабдуу менен камсыз болот
Кыргызстанда жатак-үй тибиндеги бардык социалдык мекемелер 2017-жылдын 15-майына чейин санариптик телерадиоберүүгө кошулуу боюнча атайын жабдуу менен камсыз болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү тууралуу Мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев эскерткендей, буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине интернат тибиндеги балдар мекемелеринде, карылар үйлөрүндө жана башка социалдык мекемелерде санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселесин чечүү тапшырмасы берилген.
Жыйында белгиленгендей, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 116 стационардык мекемесинде 149 телевизор орнотулуп, азыркы күндө алардын 73 санариптик сигналдарды кабыл алуучу атайын тараткычтар (ресиверлер) менен камсыз болушкан. Калган 76 телевизорго 2017-жылдын 17-майына чейин керектүү жабдуулар коюлат.
Билим берүү жана илим министрлигинин багытында 56 интернат, 9 балдар үйү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жатак-үйү тибиндеги 14 мекеме иштейт.
Алар 15-майга чейин санариптик телеберүүгө туташуу үчүн толугу менен жабдуулар менен камсыз болот. Аны менен бирге Бишкек жана Ош шаарларындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн реабилитациялык борборлору, Чүй облусунда жайгашкан саламаттыкты сактоо мекемелеринде азыркы учурда санариптик телеберүүлөр бар.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев мамлекеттин камкордугунда турган жарандар жана жатак-үйлөрү тибиндеги социалдык мекемелердин жашоочуларына санариптик телеберүү жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Жатак-үйү тибиндеги социалдык мекемелерди санарипке туташтыруу иши жакшы жүргүзүлүүдө. 2017-жылдын 15-майына чейин аталган иш толугу менен аяктоосу керек», – деп билдирди Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.
[su_carousel source="media: 94443,94441,94515,94516" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93946,93887,93886,93885,93884,93883,93882,93881,93880,93879,93878,93877,93876,93875,93872,93871,93870,93869,93868,93867,93947,93972,93971,93970,93969,93968,93967,93965,93964,93963,93962,93961,93960,93959,93956,93955,93954,93953,93952,93950" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93945,93946,93947" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93826,93827,93828,93829,93830,93831,93832,93833,93834,93835,93836,93837,93838,93839,93840" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү