13
Июль
Онтарионун Жогорку соту (Канада) канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акцияларынын бенефициардык менчик маселеси боюнча чечимин чыгарды
Мындан мурдараак төрт эл аралык арбитраждык териштирүүлөрдүн доогерлери: «Манас Банк» ЖК акционери В.Белоконь, «Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi» түрк компаниясы, «Stans Energy Corp.» компаниясы жана «Entes Industrial Plants Construction & Erection Constructing Co. Inc.» компаниясы Онтарионун Жогорку сотуна (Канада) Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган эл аралык арбитраждык чечимдерди Канада аймагында «Centerra Gold Inc.». канадалык компаниясындагы «Кыргызалтын» ААК акцияларынын эсебинен аткаруу өтүнүчү менен арыз берген.
Доогерлердин айтымында, «Centerra Gold Inc.». компаниясындагы акциялар юридикалык жактан «Кыргызалтын» ААК тийиштүү болсо да, иш жүзүндө акциянын менчик ээси катары Кыргыз Республикасы эсептелет, ошондуктан, Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган арбитраждык чечимдерди «Centerra Gold Inc.». компаниясындагы акциялары аркылуу өндүрүү жолу менен аткарууга мүмкүн.
2016-жылдын 28-29-июнунда бул иш боюнча угуулар орун алды. Онтарионун Жогорку соту 2016-жылдын 11-июлундагы чечими аркылуу доогерлердин аргументтерин четке кагып, Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК атына катталган «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акцияларынын менчик ээси болуп эсептелбейт деп тааныган.
Натыйжада, эгерде Онтарионун Жогорку сотунун чечими Канаданын жогорку соттору тарабынан жоюлбаса, Кыргыз Республикасына каршы чыгарылган көрсөтүлгөн төрт арбитраждык чечимдер, же кандайдыр бир келечекте орун алчу арбитраждык чечимдер «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААК тийиштүү акцияларды өндүрүп алуу эсебинен аткарылышы мүмкүн эмес.
Онтарионун Жогорку сотунун чечимине 30 күн аралыгында даттанууга мүмкүн.
Аталган иш боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын «King & Wood Mallesons» эл аралык юридикалык фирмасы, «Perley-Robertson, Hill & McDougall» канадалык юридикалык фирмасы жана «Сатаров, Аскаров и Партнеры» жергиликтүү юридикалык фирмасы жактоодо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Сот өкүлчүлүк борбору