26

Октябрь

2016

КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интелегенциясынын XI форуму 27-октябрда Бишкекте болот

«Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 25-жылдыгы. Гуманитардык кызматташуунун келечеги» КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий  интелегенциясынын  XI форуму эртең, 27-октябрда Бишкек шаарында болот. Форум КМШ мамлекеттеринин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун колдоосу астында өткөрүлөт.

КМШ Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун башкармалыгына Кыргыз Республикасынан Ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 24-октябрындагы  буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Тугелбай Казаков болот.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү