17

Январь

2017

Кыргызстандын Чүй облусундагы «Боинг-747» авиакырсыгынын себептери ЭАК тараптан иликтенген соң корутунду берилет

«Чүй облусундагы «Боинг-747» авиакырсыгынын себептери ЭАК тараптан иликтенген соң корутунду берилет. Алардын жыйынтык корутундусуна ылайык, кырсыктагы тигил, же бул тараптын күнөөсү аныкталат», — деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри  Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 16-январда, ыкчам штабдын ишинин аралык жыйынтыгы боюнча журналисттер үчүн пресс-брифингинде

Анын айтымында, Кыргыз транспорттук прокуратурасы учактын кыйроо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ар-кыл мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган атайы иликтөө тобу түзүлдү. Аталган топтун ишин Башкы прокуратура көзөмөлдөйт.

«Эртең, 17-январда Москва шаарынан (РФ) Эл аралык авиациялык комитеттин өкүлдөрү келет. Мындан тышкары, түрк тараптан кырсык себептерин иликтөөчү эки топ түзүлгөн», - деп белгиледи Мухамметкалый Абулгазиев.

Ал маалымдагандай, учурда аталган тилкенин көпчүлүк бөлүгү иликтенди.

«Учактын чоң бөлүктөрү түшкөн жерлер гана калды. Эл аралык талаптарга ылайык, биз аларды азырынча ала албайбыз», - деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр.

Мухамметкалый Абулгазиев маалымдагандай, каза болгондордун үй-бүлөсүнө жүз миң сом өлчөмүндө алгачкы материалдык көмөк көрсөтүлөт.

«Учурда өкмөттүк, облустук жана райондук ыкчам штабдар үзгүлтүксүз режимде иш алып барууда. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы ббоюнча штаб иш алып барууда. Бардык маселелер боюнча «112» түз байланышы иштеп жатат», - деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, өкмөттүк комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, аталган тилкеде мындан ары калктуу пункттун жайгашуусу тууралуу маселе чечилет.

[su_carousel source="media: 88381"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү