09
Август
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев: 2017-жылдын аягына чейин «Кепилдик фонд» ААК насыя алууга муктаж болгон 500 дөн ашык ишкерлерге кепилдик берет
2017-жылдын аягына чейин «Кепилдик фонд» ААК насыя алууга муктаж болгон 500 дөн ашык бизнес чөйрөсүндөгү ишкерлерге кепилдик берет. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев маалымат жыйында билдирди.
«Кепилдик фонд» ААК келечектүү долбоорлору бар бирок жетишэрлик суммада насыя алууга кепилдик мүлкү жок ишкерлерди колдоо максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААК жалпы суммасы 124,8 млн сомдук 102 ишкерге кепилдик берди. Учурда эл аралык финансылык институттар менен уюмдун капиталын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыркы тапта фонддун капиталы 282 млн сомго жетти. Аны менен бирге 2017-жылдын 7 айында фон операциялык ишмердүүлүктөн 8,7 млн сомдук киреше тапты», – деди экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.
Эскерте кетсек, «Кепилдик фонд ААК» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен орто жана чакан бизнес тармагын колдоо максатында, аларга тиешелүү суммада насыяларды алууга көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү