11
Июнь
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директорлор кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ушул эле буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Жакыпов Кылычбек Жумадилович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотулду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү