09
Август
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев: 2017-жылдын I кварталында өлкөгө 202,6 млн АКШ доллар өлчөмүндө чет элдик инвестиция тартылган
2017-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасына 202,6 млн АКШ доллар өлчөмүндө чет элдик инвестиция тартылган. Бул көрсөткүч 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35% көп. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев маалымат жыйында билдирди.
«Келген инвестициялардын 87,3% алыскы чет мамлекетерден келет. КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициянын көлөмү 59,5% азайып, 25,7 млн АКШ долларын түздү. Жакынкы чет мамлекеттерден келген ивестициянын басымдуу бөлүгү Казакстан Республикасынан (16,8 млн АКШ доллар) келген. Алыскы чет мамлекеттердин арасынан Канада менен Кытайдан (67,3 жана 58,6 млн доллар) келген. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү Ысык-Көл облусуна жана Бишкек шаарына – 75,1 жана 66,4 млн доллар тартылган», - деди экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.
Белгилей кетсек, экономикадагы ивестиция тартыла турган негизги багыттардан болуп, финансы жана илимий техникалык ишмердүүлүк (жалпы сумманын 56,7%, 26,5% и 9,9%) эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү