26
Декабрь
Экономика министринин орун басары Эльдар Абакировго сөгүш жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Абакиров Эльдар Курманбековичке жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбыгындыгы үчүн сөгүш жарыяланды.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн кызматтык катынын негизинде кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү