04
Июль
2016
МКК төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамкановго сөгүш жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамкановго тагылган милдеттерди тийиштүү түрдө аткара албагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиевага Юстиция министрлигинин статс-катчысы Таштанов Нуржан Анарбаевичке карата тагылган милдеттерди тийиштүү түрдө аткара албагандыгы үчүн тартиптик мүнөздөгү чара кабыл алуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү