10
Январь
Замирбек Осмонов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Осмонов Замирбек Бабакулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына төрага Замирбек Осмоновду тааныштырууда анын алдындагы негизги милдеттерди атады. Тактап айтканда, 2017-жылы ведомство мамлекетке экономикалык жана коррупциялык кылмыштар натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуусу жана төмөнкүлөр боюнча ишти күчтөндүрүүсү зарыл:
- салык төлөөдөн баш тартуу жана жалган ишкерлик фактыларын аныктоо;
- мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу.
Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы №524 токтомуна ылайык, контрабандага каршы күрөш алкагында алкоголдук продукцияны жүгүртүү жаатындагы күңүрт схемаларды аныктоо боюнча мобилдик топтордун ишин күчтөндүрүп,
- экономика жаатындагы , укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарындагы, отун-энергетикалык, агроөнөр-жай, билим берүү тармагындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы (жер-мүлктүк мамилелер) коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ишти жандандыруусу керек.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы республиканын экономикалык коопсуздугу жана экономикалык кылмыштуулук түрүнө каршы күрөш абалы үчүн жеке жоопкерчилик алат.
[su_carousel source="media: 88032,88031,88030,88029,88028"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү