10
Январь
2017
Замирбек Осмонов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда буйрукка кол койду. Ага ылайык Осмонов Замирбек Бабакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү