18

Август

2016

Маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлгөн эмес

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан мурда ЖМКларда маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлгөндүгү тууралуу жарыяланган маалыматка комментарий берүүдө, маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы төмөндөтүлбөгөндүгүн расмий түрдө билдирет.

Бүгүнкү күндө Өкмөт маданият тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын баскычтуу түрдө жогорулатуу маселесин чечүүдө. Атап айтканда, Өкмөт чечими аркылуу үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет академиялык театрынын кызматкерлерине жана артисттеринин айлык акысы 80% жогорулатылган. Бул максатта 2016-жылы 17,5 млн сом бөлүнгөн. 2017-жылдын бюджетинде маданият тармагынын эмгек акысын төлөө фондун жогорулатууга кошумча түрдө 172 млн сом каралган.

Буга катар маданият кызматкерлеринин айлык акысын төмөндөтүү жөнүндө ЖМКда жарыяланган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан аныкталган айлыкка кошумча акы жазууга тийиштүү укук бузууларды четтетүүгө байланыштуу келип чыккан. Республиканын учурдагы мыйзамдарына ылайык, кошумча акы негизги иш орду боюнча белгиленет. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, 2015-жылы Эсеп палатасы аркылуу шаардык маданият тармагынын бир нече кызматта иш алып барган айрым кызматкерлерине айлык акы которууда сейрек укук бузуу көрүнүштөрү аныкталган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү