08
Сентябрь
Өлкөнүн негизги жолунда жайгашкан 42 мектептин жанындагы жол инфраструктурасын модернизациялоонун биринчи этабы аяктады
Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын Комплексинин алкагында, ошондой эле окуу жайлардын жанында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, республиканын эл аралык жана республикалык маанидеги жолдорунда жайгашкан мектептердин жанындагы жол объектилерин модернизациялоо иштеринин биринчи этабы аяктады.
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, жол чырактарын орнотууга, жол белгилерин түшүрүүгө, жасалма тегиз эмес жана жол белгилерин түшүрүү иштерине 17,7 млн. сом сарпталган.
Мектептердин жанындагы жолдорду модернизациялоо иштери төмөнкү аймактарда жүргүзүлдү:
- Талас облусунда – 4
- Нарын облусунда – 9
- Ысык-Көл облусунда – 10
- Ош облусунда – 6
- Жалал-Абад облусунда – 2
- Баткен облусунда – 9
- Чүй облусунда – 2
Экинчи этапта, ушул сыяктуу, 43 мектептин жанында жайгашкан өлкөнүн негизги жолдорунда иш жүргүзүү пландаштырылууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү