17

Июль

2015

АКШ Мамлекеттик департаментинин «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгынын Азимжан Аскаровго ыйгарылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билдирүүсүнүн тексти:

«Кыргыз Республикасынын жараны Азимжан Аскаров Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандыруусу, массалык башаламандыктарды уюштуруусу, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо орган кызматкерин ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон.

Сот чечими аныкталган далилдердин негизинде чыгарылган, А.Аскаровдун күнɵɵсү бардык соттук инстанциялар тарабынан далилденген. Кыргыз Республикасы мыйзам үстɵмдүгү үчүн чыгууда. Сот тутуму бийликтин кɵзкарандысыз бутагы болуп саналат.

Буга байланыштуу бардык сот органдары тарабынан оор кылмышы үчүн соттолгон адамдын сыйлыкка кɵрсɵтүлүүсү терең тынчсызданууну туудурат.

2010-жылдын июнь окуясынан соң, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык шериктердин кɵмɵктɵшүүсү алдында талкаланган объектилерди калыбына келтирүү боюнча масштабдуу иштерди ɵткɵрдү, мында негизги иш улут аралык ынтымакты чыңдоого багытталган.

Азимжан Аскаровго АКШ Мамлекеттик департаментинин «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстан жана АКШ аралык достук мамилелердин деңгээлине ылайык келбейт, Өкмөттүн улут аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо боюнча күч-аракетине зыян келтирип, коомдук туруктуулукка коопсуздук жаратат.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Америка Кошмо Штатынын Өкмөтү аралык кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу денонсациялоо ниети тууралуу билдирет».

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү