03

Июль

2015

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева: «Адамдардын ден-соолугунун 55% пайызы сергек жашоо мүнөзүнө, ал эми 10% пайызы гана саламаттык сактоого жараша болот»

Бүгүн 3-июлда Дамира Ниязалиева журналисттер менен болгон жолугушуусунда бардык өлүмдөрдүн 75 % пайызы жугуштуу эмес оорулардан болоорун белгиледи.

Дамира Ниязалиева - “инфекциялык эмес оорулардын жалпысынан негизги төрт коркунуч факторлору бар: тамеки тартуу, алкоголду көп ичүү, туура эмес тамактануу жана дене-бой активдүүлүгүнүн жоктугу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча кант диабетин, жүрөк оорусун, инсульттун 2-типтеги диабеттин 80% жана рак оорусунун 40% негизги коркунуч факторлорун (тамеки, ичимдик, аз кыймылдоо, туура эмес тамактанууну) колго алып, күрөшүп туура багытка койсок жойсо болот. Бирок көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында да саламаттык сактоо кызматтары негизги көңүлдү инфекциялык эмес оорулардын алдын алууга эмес, дарылоо маселесине бөлүшөт. Эркектердин күтүлүүчү жашоо узактыгы аялдарга салыштырмалуу 8 жылга азыраак. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан болгон эрте өлүмдөрдө кыйла гендердик ажырым бар. 0-64 курактык топто кан айлануу тутумунун ооруларынан эркектердин өлүмгө учуроо коэффициенти аялдардын өлүмүнөн 2,5 эсеге көбүрөөк, жүрөктүн коронардык оорусунан - 3 эсе жана цереброваскулярдык оорулардан - 1,9 эсеге көп” – деп белгиледи.

Ошондой эле, Дамира Ниязалиева эркектер арасында өлүмдүн көбүрөөк болушу бир катар факторлорго, анын ичинде жүрүм-турумдук факторлорго байланыштуу, бул тамеки жана алкоголду керектөө, тамактануу жана кыймыл-аракеттеги активдүүлүк, медициналык абалдар жөнүндө жетишсиз маалымдалганы (мисалы, артериялык кан басымдын жогорулугу), баштапкы медициналык жардамды пайдалануунун төмөн коэффициенти. Мындан улам өнөкөт оорулар кеч аныкталып жана канааттанарлык кароого алынбай калаарын баса белгиледи.

“Жугуштуу эмес оорулар көптөгөн өлүмгө учуроону аныктоо менен катар кезексиз жумушка жараксыздыка жана майыптыка алып келет. Адистердин баамында адамдардын ден-соолугу көбүнчө учурда:

55% - пайыз жашоо мүнөзүнөн;

20% - зыяндуу болгон чөйрөдөн;

18% - генетикалык абалынан жана 8%-10% пайызы гана саламаттык сактоодон;

2013-2020-жылдарга кабыл алынган Программанын алкагында төмөнкү зыяндуу болгон факторлор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деп атабыз, булар: чылым чегүү, туура эмес тамактануу, төмөнкү физикалык активдүүлүгү жана ичимдиктин көп ичүүсү” – себептеринен болот деди ал.

Вице-премьер-министрдин өз сөзүндө дени сак жашоо жагымдуу шарттарга алып келет деп белгиледи жана чечмеледи:

- Бакубат өмүр сүрүүгө, көп жашоого;

- Социалдык функциялардын толук кандуу аткарылышына;

- Эмгекте, коомдук турмушта, үй-бүлөлүк жашоодо активдүү катышууга жагымдуу шарт түзөт тастыктады.

Вице-премьер-министр физикалык активдүүлүк оганизмдин жалпы абалынын жакшыруусуна жана организмден токсиндердин чыгуусун камсыз кылган лимфатикалык системанын иштөөсүн жакшыртат деди. Изилдөөлөргө таянсак, ар дайым спорт менен машыккан адамдар такыр машыкпаган адамдарга караганда 25% пайызга сасык тумоо менен азыраак орушат. Болгону күнүнө 30-60 мүнөт спорт менен машыгуу саламаттык жашоого алып келет. Күнүмдүк эртең мененки дене тарбия менен машыгуу (зарядка) – кол бетти жуугандай эле адат катары күнүмдүк турмушубузга кириши керек. Сергек турмуш үлгүсүн ишке киргизүү үчүн калкта милдеттүү компонент болуп ар бир жарандын өз ден соолугуна жана өз жакындарынын, өзгөчө балдарынын ден соолугуна жоопкерчиликти калыптандыруу болуп саналат деп баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтү медицина жумушчуларынын күнүндө мамлекеттик органдар менен биргеликте бүтүндөй комплекстүү түрдөгү спорт иш-чаларын өткөрүүгө чыгабыз деп белгилеп вело жүрүш боюнча маалымат берди:

1. Вело жүрүшкө - Премьер-министр баш болгон министрлердин кабинетинин катышуусунда 270 адам мамлекеттик органдардан ал эми 150 адам коомчулуктагы вело спортту сүйүүчүлөр да катышат.

2. Эски аянтта – 900гө жакын адамдар дене тарбия (физкультуралык) машыгууларына катышат.

3. Мамлекеттик органдар арасында: армрестлинг, гиря спорту, аркан тартыш жана жеңил атлетика боюнча күч сынашуулар өтөт.

“Аталган иш-чара дени сак жашоону, спортту, дене тарбияны пропагандалоо жана элдин калың катмарына жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат” – деп кошумчалады.