11

Ноябрь

2016

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Бишкек шаарындагы №61-мектепте орун алган инцидент мыйзам чегинде иликтенип, тийиштүү чара көрүлөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарындагы №61-мектепте орун алган чатакты иликтөө тапшырмасынын алкагында бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Жеңиш Разаков жабыр тарткан окуучунун энеси Элмира Исаева менен жолугушту.

Жолугушууда Эльмира Исаева №61-мектепте  окуган баласына байланыштуу чатак тууралуу маалымат берди.

Жеңиш Разаков  Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан атайын комиссия түзүлгөнүн жана учурда окуя боюнча иликтөө иши жүрүп жатканын билдирди.

«№61-мектепте орун алган чатак мыйзам алкагында каралып, тийиштүү чаралар көрүлөт» - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Жолугушуу соңунда ал белгилегендей, окуя боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын  жана  комиссиянын ишинин бүтүмүн тез арада аягына чыгаруу тапшырылат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековго №61-мектептин окуучусу Ырыскелди Осмоновдун катышуусундагы чатакка байланыштуу окуяны көзөмөлгө алуу маселеси менен кайрылышкан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү