03

Август

2016

Жетиген Бакиров Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, буйрукка кол койду. Ага ылайык Бакиров Жетиген Жокинович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү