15
Август
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму башкармалыгынын төрагасы Ж. Эгамбердиева: 2017-жылдын 7 айында турак-жайды камсыздандыруу боюнча 30мищден ашуун макулдашуу түзүлдү
2017-жылдын 7 айында турак-жайды камсыздандыруу боюнча 30мищден ашуун макулдашуу түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Жумагүл Эгамбердиева маалымат жыйынынын жүрүшүндө маалымдады.
Жумагүл Эгамбердиева белгилегендей, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК ишмердүүлүгү социалдык мүнөзгө багытталган, негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.
«Бул мамлекеттик программа камсыздандыруунун жещилдетилген варианты. Жарандар өздөрүнүн мүлктөрүн камсыздандыруу үчүн эки документ зарыл. Бул камсыздандыруучунун паспорту жана үйдүн документи (техникалык паспорт жана инвентаризациялык иш). Өлкөнүн экономикалык абалын эске алуу менен айыл жергесинде камсыздандыруу төгүмү айына 600 сом, шаар жеринде 1200 сом. Камсыздандырган абалда жарандар айыл жергесинде 500мищ сомдон, шаар жергесинде 1млн сомго чейин компенсация ала алышат.
Калктын аярлуу катмары ъчън жещилдиктер бар. Алсак, УАМ согуштун ардагери, Чернобыль катышуучусу, тылда эмгектенгендер, 1-жана 2-топтогу майыптар, ооган-аскерлери жарым жартылай же толугу менен камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотулган», - деп маалымдады ал.
Жумагүл Эгамбердиева эске салгандай, авариялык абалдагы мектептер, соттук талаштагы же конфискацияда турган үйлөр камсыздандырылбайт.
«Камсыздандыруу компаниясынын уставдык капиталы 150 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 62 киши камсыздандырууга байланыштуу төлөмдөрдү алышты. Аларга 13млн сом төлөнүп берилди. Биз ошондой эле өрттөн, жүргүнчүлөрдү ташууну ыктыярдуу камсыздандыруу, кооптуу жүктөрдү ташуу, кооптуу обьектилерде иштегендерди камсыздандыруу түрлөрүнүн үстүндө иштеп жатабыз», - деп маалымдады Жумагүл Эгамбердиева.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине жана айыл Өкмөт башчыларына кайрылып, муниципалдык имараттарды камсыздандыруу зарылдыгын билдирди.
«Камсыздандырууну биздин өнөктөш коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүүгө болот. Аны менен бирге 14-августтан тартып, биздин камсыздандыруучу агенттер республиканын бардык аймактары боюнча калк менен жолугушууларды өткөрүп, турак-жайды камсыздандыруу зарылдыгы тууралуу маалымат беришет.
«Келечекте биз агенттик байланышты кещейтип, камсыздандыруу агенттерине алар тарабынан камсыздандырылган мүлк обьектилеринин жалпы суммасынан макулдашуу боюнча 10% сый акы берүүнү карап жатабыз», -деди Жумагүл Эгамбердиева.
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Жумагүл Эгамбердиева маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын адистери менен биргеликте компаниянын ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири болуп саналган эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
[su_carousel source="media: 101583,101584,101585,101586" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү