14

Октябрь

2016

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун селден жабыркаган тургундарына турак-жай куруу үчүн жер тилкеси берилет

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын 2016-жылдын май айындагы селден жабыркаган тургундарына турак-жай куруу үчүн жер тилкеси берилет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Аталган токтом Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын селден жабыркаган тургундарына жер тилкесин берүү максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан 10 га кайрак айдоо жер Кара-Суу айыл аймагынын Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын тургундары үчүн жеке турак-жай курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу аппаратына жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү, жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоо жүктөлдү.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын май айында Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кез-Арт жана Чалдыбар айылдарынын тургундары менен жолугуп, жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Жергиликтүү туругундардын негизги талабы катары турак-жай куруу үчүн жер тилкесин берүү маселеси көтөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү