29

Апрель

2017

Дача СУ айылынын тургундарына КР ӨКМ атайын эсебине түшкөн акчадан моралдык колдоо катары акчалай каражаттар төлөндү

16-январда «Боинг-747» авиа кырсыгынан жабыркаган Чүй облусунун Дача СУ айылынын тургундарына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсебине кыргызстандыктардан түшкөн акчадан моралдык колдоо катары акчалай каражаттар төлөндү.

Эскерте кетсек, акчалай каражаттарды бөлүштүрүү жабыркагандардын жана каза болгондордун туугандарынан турган өкүлдөр менен  биргеликте Өкмөттүк комиссия тарабынан иштелип чыккан.

Ошондо жабыркагандардын жана каза болгондордун туугандарынан турган өкүлдөр менен  биргеликте Өкмөттүк комиссия Дача СУ айылынын жабыркаган тургундарына моралдык колдоо катары 5 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган. Акчалай каражатты аталган айылда жашаган 232 жаран алды.

Финансылык отчетту талап кылган эрежелерге ылайык каражат алгандардын ар бири мамлекеттик нотариустун катышуусунда акча алып жатып, тиешелүү документтерди толтурушту.

Белгилей кетсек, акчалай каражат Ново-Павловка айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан бөлүштүрүлдү. Анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, каза болгондордун туугандары жана жергиликтүү тургундар кирген.

Акыркы маалыматтар боюнча КР ӨКМ атайын эсебине элден 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

 [su_carousel source="media: 93766,93767,93768,93769,93770,93771,93772,93773,93774,93775" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү